ЖЫЛНААМА, 15-НОЯБРЬ: Белгилүү кикбоксчу Руслан Абасов тирүү болгондо 40 жашка чыкмак

Белгилүү кикбоксчу Руслан Абасов тирүү болгондо 40 жашка чыкмак. Ал 1994-жылы “Гермес-профи” клубунун машыктыруучусу Александр Воинов менен таанышып, ошол жылы “Гермес-профиге” Малик Борбашевдин чакыруусу менен келген. Бул клуб аркылуу ал профессионалдык деңгээлге өсүп, эл аралык мелдештерде жыйынтык көрсөтө баштаган. Профессионал кикбоксчу чыкчу бийиктиктердин баарын багындырган. Гермес лакап атына ээ болгон соң ал 3 жолу Дүйнө чемпиондугун (1999, 2003, 2005-жылдары), 3 ирет Европа чемпиондугун (1998, 2000, 2005-жылдары) уткан. “Барс” версиясы боюнча КМШ, Евразия, Европа жана дүйнөнүн чемпиондук курларынын ээси болгон. 2009-жылы Москвада өткөн профессионалдар арасында супер оор салмакта Дүйнө чемпионун уткан.

Бул мелдештен кийин эч кандай олуттуу билдирүү жасабай эле рингди таштап, бизнес менен алектене баштаган. Ак-Сай жайлоосунан 50 миң гектар аянттагы жер алып, аң уулоочулук менен алектенип келген. Андан тышкары Токмоктогу аэродромдо коммерциялык унаа жарыштарын да уюштуруп турган. Ал 2014-жылдын 27-мартында унаасындагы жардыруудан улам каза тапкан. Окуя Токмок шаарында саат 18:00 чамасында болуп, спортчу ооруканага жетпей жолдо көз жумган. Спортчунун артында эки уул, бир кызы калды.

Окуядан 2,5 жылдан ашык убакыт өтсө да кылмыштын бети ачылбай келет. Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, Абасовдун өлүмү боюнча 250дөй адам суракка алынган. Алардын арасында 2005-2012-жылдар аралыгында жалпы жарандык паспорт менен камсыздаган “Интел Линкс” ишканасынын жетекчиси Дмитрий Цой жана кылмыштуу чөйрөнүн өкүлү Камчы Көлбаевдин иниси да бар. Ошол учурда ИИМдин Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча башкы башкармалыгын жетектеп турган Рафик Мамбеталиев: “Азырынча Д.Цойдун Р.Абасовду өлтүрүүгө тиешеси бар-жоктугу текшерилип жатат. Экөөнүн ортосунда аңчылык кылган жер тилкелерине байланыштуу талаш болгон. Версиялардын бири боюнча, алар Р.Абасовду өлтүрөлү дебей эле, эскертүү бергиси келишкен, бирок жардыргыч заттын кубаттуулугун эсептей албай калышкан”, - деп билдирген.

Ишти үч ички иштер министри аягына чыгаруу аракетин көрдү, бирок жыйынтык болгон жок. Окуя экс-министр Абдулда Суранчиевдин учурунда болгон, бирок ал Руслан Абасовдун өлүмү тууралуу үн каткан эмес. Кийин министр болгон Мелис Турганбаев Токмок шаарында эл менен жолугушуу учурунда: "Спортчу Руслан Абасовдун өлүмү боюнча оперативдүү топ иштеп жатат. Убагы келгенде аягына чыгат", - деген эле. Андан кийин ички иштер министри кызматын аркалаган Кашкар Жунушалиевдин убагында кылмышты уюштурган адамдын өздүгү такталып, издөө иштери жүрүп жатканы айтылган. Эми жаңы министр болгон Улан Исраилов Руслан Абасовдун өлүмүнүн бетин ача алабы, аны убакыт көргөзөт.

15-ноябрга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан