Бишкекте машина сүзүп бутунан жабыркаган Алмаз Качыбековдун медициналык экспертизасынын жыйынтыгы бир жарым айдан бери чыкпай жатат. Бул тууралуу бүгүн, 15-ноябрда SUPER.KG порталына жабырлануучу өзү билдирди.
"20-сентябрда кырсык болуп, унаа сүзүп ооруканага жатып калгам. 28-сентябрда Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы медициналык экспертизага кайрылганбыз. Биздин ишти Индира Керималиева аттуу адис карап жаткан. Аталган ишканага бир канча жолу жыйынтыкты сурап бардым. "Эртең чыгат, башка күнү кел" деген жоопторду угуп жатам. Жакында биздин ишти караган адис "3 күн жумушта болбойм, өзүм айтам" деген жоопту берди. Бир айдан ашуун убакыттан бери жыйынтык чыкпай жатат", - дейт нааразы болгон Качыбеков.
Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу медициналык экспертиза кызматына байланышканыбызда Индира Керималиева буларды айтып берди: "Негизи, жабырлануучулардын абалы боюнча экспертизанын жыйынтыгы 30 күн аралыгында чыгат. Алмаз Качыбеков деген тургун кайрылган. Анын иши каралып жатат. Жыйынтыкты бир ай убакытка чейин күтүү нормалдуу көрүнүш. Бүгүн-эртең жыйынтыгы колуна тиет".
Экспертиза боюнча атайын адистер айрым учурларда экспертизанын жыйынтыгын бир айлап эмес, бир жылдап күткөн убактар кездешерин айтышат. Алар бул иштин татаалдыгы, ошол эле учурда кезек күткөндөрдүн саны көптүгү менен түшүндүрүштү.
Эске салсак, буга чейин 18-октябрда "жолдошумду сүзүп, майып кылып койгон айдоочу эркиндикте жүрөт" деп жабырлануучунун жубайы Асел Жандаралиева билдирген.