22 жаштагы финн сүрөтчүсү Конста Пункка жаныбарларды сүрөткө тартканды жакшы көрөт. Ал токойго камераны гана эмес, алар үчүн азык да ала барат. Сүрөтчү жаныбарлардын ишенимине кирип, аларга жакындап мыкты кадрларды алууга мүмкүнчүлүк табат.
Анын ою боюнча, жаныбарларды азыраак тынчсыздандырып, көбүрөөк азыктандыруу керек. Ал шаардын жанындагы жаныбарларга азык бербейт, себеби алар көнүп, шаарга жакындашы мүмкүн.
Конста Пункканын сүрөттөрү көпчүлүктү таң калтырып, көңүл кош калтырбайт. Анын сүрөттөрүн сизге да тартуулайбыз.