ЖЫЛНААМА, 15-НОЯБРЬ: 1889-жылы Бразилияда монархиялык бийлик кулап, өлкө "республика" макамын алган

1889-жылы бийликке нааразы болгон аскер кызматкерлери император Педро ІІ`ни тактыдан кулатышып, монархиялык бийликти жок кылышкан. Маршал Деодору де Фонсека Бразилия Кошмо Штаттары түзүлгөнүн жар салып, Бразилия Республикасынын алгачкы президенти болуп шайланган.

Өлкөдөгү бийлик алмашуу кан төгүүсүз жана ашыкча ызы-чуусуз ишке ашырылган. Ал эми императорду аскерлер үй-бүлөсү менен Бразилиянын аймагынан сыртка чыгарып салышкан. Ал Португалияга барып, ошол жерде үй-бүлөсү менен жашап калган. Бул окуянын урматына 15-ноябрь Бразилияда дем алыш күнү болуп эсептелет. Учурда Бразилияда президенттик башкаруу өкүм сүрөт.

15-ноябрга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан