Сооронбай Жээнбеков Евразия өкмөт аралык кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Москвага барды

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Евразия өкмөт аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн 15-ноябрда Москва шаарына барды.

Бүгүн, 16-ноябрда Евразия өкмөт аралык кеңешинин кезектеги жыйынында Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргыз Республикасы жана Орусиянын өкмөт башчылары Евразиялык экономикалык биримдиктин Бажы кодексинин долбоорун карашат. Биримдиктин алкагында бирдиктүү дары-дармек рыногун жөнгө салуу жөнүндө да сүйлөшүүлөр болот.

Кыргыз делегациясынын курамында вице-премьер-министр Олег Панкратов, Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Азамат Сулайманов, экономика министринин орун басары Алмаз Сазбаков жана башкалар бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан