Жогорку Кеңештин 16-ноябрдагы жыйынында "Мегаком" компаниясынын айланасындагы чыр талкууланууда. Анын жүрүшүндө "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев "Фергана" агенттигине таянып, 2011-жылы премьер-министр кызматында иштеген Алмазбек Атамбаев Орусиянын ошол кездеги өкмөт башчысы Владимир Путинге "Мегакомду" улутташтырбоо боюнча убада бергенин эскертти.
"Атамбаев Москвада Путинге "Мегакомду" улутташтырбайбыз" деп убада берген экен. Атамбаевдин кеңешчиси Фарид Ниязов "Кыргыз тарап "Мегакомдун" акцияларынын 51 пайызын улутташтыруу тууралуу маселени койгон жок. Эң негизгиси, компания мамлекетке дивиденддерди өз убагында төлөп турсун" деп айтыптыр. Ошондуктан Атамбаевди суракка алыңыз", - деп кайрылды УКМКнын төрагасына Текебаев.