Ош облусунда диний окуу жайлардын ишмердүүлүгүнө изилдөө жүргүзүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 16-ноябрда Ош облустук мусулмандар казыятынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мындан ары диний окуу жайлардын окуу программаларынын стандарттарын сактоо, мүдүрлөрдүн бирдиктүү формасы, тазалыкты сактоо иштери каралмакчы.
"Ноябрь айында Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат концепциясынын алкагында Кыргыз Республикасынын дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы тарабынан чыгарылган буйруктун негизинде Ош облусундагы бардык диний окуу жайлардын ишмердүүлүгүнө изилдөө жүргүзүлөт жана жыйынтыгы менен тиешелүү баа берилет", - деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, учурда Ош облусунун аймагында 2 Ислам институту, 14 медресе ишмердүүлүк жүргүзөт.