ЖЫЛНААМА, 19-НОЯБРЬ: Ырчы Омар 28 жашка чыкты

Мындан 28 жыл мурун, 1988-жылы сахнага Омар деген ысым менен чыгып жүргөн ырчы Өмүрбек Жанышов Бишкек шаарында төрөлгөн. Омар 2008-жылы Юрмалада өткөн "Жаңы толкун" сынагында Алла Пугачёванын сыйлыгына татыган, "Супер-Инфо" гезитинин тандоосу боюнча "2011-жылдын супер ырчы мырзасы" наамынын ээси.

2007-жылы Бишкектеги Финансы техникумун, 2012-жылы КМУнун юридика факультетин бүтүргөн.
Техникумда маданий иш-чараларга катышып жүрүп, “2006-жылдын алтын үнү” грамотасы менен сыйланган. Өмүрбек алгачкы жолу чоң сахнага Омар аттуу ысым менен 2008-жылы Мирбек Атабековдун концертинде чыгып, кыргыз эстрадасында өзүнүн сапарын баштаган. Репертуарында кыргыз, орус, англис тилдеринде ырлары бар.

19-ноябрга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
akil.91
2016-11-19 11:25:41
Менден 3 жаш улуу экен билбегем. Омар азаматсын!
0
UlukmanKalyev
2016-11-19 11:54:05
Өмүрбек деле сахнада жакшы угулат болчу. Эмне дейбиз туулган күнүң менен Өмүке
+5
Tansuluu09
2016-11-19 12:04:39
Туулган кунун менен..Ден соолук, узун омур, иштерине коптогон ийгиликтерди калаймын...
+1
tinistan
2016-11-19 12:31:08
Омуштун туулган куну менен поздравляем!
-2
orhideya-12345
2016-11-19 12:44:22
Эки дуйно бактылуулук каалайбыз...
+1
aigerimosh
2016-11-19 13:06:38
Туулган күн кут болсун .Ыйманыңыз бекем болсун.Жараткандын алдында жүзүңүз жарык болсун.Дагы деле бойдоксуз,мени эле алып алыңызчы;))
+3
Santanna
2016-11-19 13:53:05
Фасолдон кийин даражасы тушуп калды...кантседа Туулган кунун мн!
+4
anuvar0903
2016-11-19 16:09:23
таанымал адамды коро албагандар коп экен да
0
akil.91
2016-11-19 20:41:19
Азаматсын!!!
+1
Dadasdasd
2016-11-21 09:06:45
Балакай уйлон.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан