Америкалык боксчу Рональд Райт 45 жашка толду. Ал 1971-жылы АКШнын Вашингтон шаарында туулган. Бокс боюнча Дүйнөнүн жарым орто салмактагы абсолюттук чемпиону. Рингге 55 ирет чыгып, 51инде жеңип, 3 ирет жеңилип, 1 ирет тең чыккан.
1990-жылдын 16-октябрында Рональд Райт профессионалдык рингдеги өзүнүн биринчи беттешүүсүн өткөрүп, калыстардын бир добушу менен Энтони Салернону уткан.
Кийинки 2 жылдын ичинде ал дагы 15ке жакын беттеште жеңип чыгат. Франциялык промоутер менен келишим түзүп, Европага рингге чыгып туруу үчүн кетет. 1994-жылы Рональд Бүткүл дүйнөлүк бокс ассоциациясынын версиясы боюнча Дүйнөнүн чемпиону Хулио Сезар Васкес менен беттешүү укугуна ээ болот. Беттешүүдө Райт 5 жолу нокдаунга түшүп, буга карабастан, калыстар жазган эсеп тең чыккан (114-113, 113-110 жана 115-110). Бул Райт эсин жоготуп жыгылып калгандан башка бардык раунддардан утту дегенди билдирген.