Мындан 99 жыл мурун, тактап айтканда, 1917-жылы Канадада Улуттук Хоккей Лигасы түзүлгөн. Лига АКШ жана Канададагы хоккей командаларын бириктирген профессионалдуу спорттук уюм.
Ал дүйнөдөгү биринчи профессионалдуу хоккей лигасы болуп эсептелинет. Ошондой эле ал NBA, NFL, MLB сыяктуу эң негизги спорттук лигалардын бири. Улуттук Хоккей Лигасы алгач уюштурулганда 4 гана команданын башын бириктирип турган. 2000-2001-жылдардан бери ага АКШ жана Канаданын 29 шаарларынан 30 команда кирип, жыл сайын Стэнли Кубогу үчүн күч сынашып келишет.
26-ноябрдын жылнаамасы.