Өзгөн райондук соту кичинекей балдарын мушташтырган аталарды 2 жылга шарттуу кести

Өзгөн райондук соту кичинекей балдарын мушташтырган аталарды 2 жылга шарттуу кести. Тиешелүү чечим бүгүн, 30-ноябрда чыгарылды.

Буга чейин кичинекей эки баланын канга боёлгончо мушташып жатканы тууралуу видео интернетке чыгып, коомчулук арасында талкууга алынган. Бул боюнча Ош облустук ички иштер башкармалыгы иликтөө иштерин жүргүзүп, видео Өзгөн районунун Кош-Коргон айылында тартылганын аныкташкан. Кийин балдардын аталары 1970-жылы туулган Бактияр Низамов жана 1987-жылы туулган Хосилжон Алимов камакка алынышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Ali-han
2016-11-30 11:58:14
Эн туура чечим
+9
Bayjigit83
2016-11-30 12:34:25
Короз уруштургандай эле уруштурушкан экенда,жаш наристелерди.
Жакшы эле болуптур!
+3
dina1983-19
2016-11-30 13:06:37
Сотко не болгон мушташтырса өздөрүнүн балдарын мушташтырды
-8
BekAmir
2016-11-30 14:00:45
Туура кылыптыр. Алар бала наристе
-2
MAKALAK
2016-11-30 14:44:35
шарттуу ал кандай
0
isabek1977
2016-11-30 14:57:16
Мындан да катаал окум чыгарыш керек болчу.Бул таш боорлорго жакшылык жарашпайт.Зонага барганда оздорун ушул сыяктуу мушташтырса корот элем.
+2
bond0202
2016-11-30 17:25:29
.....туугандарга чала ал дагы
+1
OMURBEK.
2016-11-30 18:49:19
отто жайлаптыр эн туура ошол видеону коруп андан да аларды аталары уруштуруп жатканын угуп жаман жиним келген еле оздорун да 2-3 саат канга бойоп катуу уруштуруш туруп анан камасын
0
Tuke8686
2016-11-30 22:55:02
жээндер экенго
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан