Кичинекей балдардын канга боёлгончо мушташканы тууралуу видео Өзгөндө тартылганы аныкталды. Бул тууралуу Ош облустук милициясынан билдиришти.
Маалым болгондой, тергөө амалдарынын жүрүшүндө балдардын аталары кармалышты. "Кичинекей балдардын мушташканы 2016-жылдын август айында Өзгөн районунда болгон. Жергиликтүү тургун айылдашы менен 6 жана 7 жаштагы балдарын бири-бири менен уруштурушкан. Бул факт боюнча Өзгөн райондук прокуратурасы тарабынан "жашы жете элек баланы кылмышка тартуу", "бейбаштык" жана "жашы жете элек баланы тарбиялоо боюнча милдеттерин аткарбоо" беренелеринин негизинде кылмыш иши козголду. Тергөө иштери уланууда", - дешти мекемеден.
Айта кетсек, 3-октябрда социалдык тармактардын биринде кичинекей балдардын бири-бири менен аёосуз мушташып жатканы тууралуу видео тараган. Балдарды айланчыктаган чоң кишилер эки бала ыйлаганына карабай аларды кайраштырып, "ур, саба, жанч" деп кыйкырып турушкан.