Бүгүн, 1-декабрь күнү президент Алмазбек Атамбаев "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында жыл сайын өтүүчү жыйынтыктоочу маалымат жыйынын берип жатат. Ал экс-башкы прокурор, учурдагы Жогорку Кеңештин депутаты Аида Саляновага байланыштуу суроого мындай деп жооп берди:
"Мен жанымдагы адамдарга эч нерсеге карабай ишенем. Мен дагы адаммын, пайгамбар эмесмин. Алсыз адаммын. Башкы прокурор болуп турганда Аида Саляновага байланыштуу катачылык кетиргенимди качан түшүндүм? Анын күйөөсү коррупциялык иштерге тиешеси бардыгы тууралуу документтер келгенден кийин. Бул да капыстан болуп калды. Энергетика боюнча министр болуп турган Осмонбек Артыкбаев Бишкектеги Жылуулук-энергия борборуна көмүр алып келүүдө маселелер орун алып жатканын айтып калды. Ким тоскоолдук кылып жатканын иликтей келгенде Аида Салянованын жолдошу чыга келди. Аны чакырып, сүйлөшүп, анан кызматтан кет дедим. Кетпесе документтер менен парламентке бармакмын. Кийин чыккандан кийин арыз жазып кеткенин айтышты".