ЖЫЛНААМА, 3-ДЕКАБРЬ: Америкалык актриса Жулианна Мур 56 жашка чыкты

Белгилүү америкалык актриса Жулианна Мур Түштүк Каролина штатындагы Фейетвилл шаарында туулган. Анын чыныгы аты - Жули Анна Смит. Үй-бүлөсү улам көчүп жүрүп, акыры Бостонго жайгашып, Жули Бостон университетинин искусство мектебине тапшырган. 1983-жылы ал жакты бүтүрүп, Нью-Йоркко көчкөн. Актёрлор гильдиясына катталып жатып анын фамилиясы бардык вариацияда бош эмес экенин билип, өзүнүн эки атын бириктирип, атасынын атына катталган. Нью-Йоркто официантка болуп иштеп, Бродвейде ойногон. "Дүйнө кантип айланат?" телесериалында ролго ээ болот. Сериалдагы ролу менен "Daytime Emmy Award" сыйлыгын алган. Чоң экранга 1990-жылы "Караңгы беттеги жомоктор" тасмасы менен чыккан. Андан соң аны башка ролдорго чакыра башташкан. "Качкын" тасмасынан кийин Стивен Спилберг "Юр доорундагы парк" тасмасына тартылууга чакырган. Кийин "Буги стилиндеги түн" тасмасына катышып, "Оскар", "Алтын глобус" сыйлыктарына көрсөтүлгөн. Ага чоң ийгиликти "Ганнибал" тасмасы алып келген.

Жулианна Мур "Оскар" сыйлыгына төрт жолу көргөзүлгөн, "Эмми", "Алтын глобус" жана башка беделдүү сыйлыктардын лауреаты.

3-декабрдын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан