ЭЛДИК КАБАР: Караколдо "курулушу токтоду" делген кампанын курулушу улантылып жатат

Караколдо "курулушу токтоду" делген кампанын курулушу улантылып жатат. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу бүгүн, 3-декабрда кабарлады.

"Пржевальский жана Жусаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги курулуш Экологиялык-техникалык инспекциясынын эскертүүсүнө карабай уланып жатат", - деди окурман.

Эскерте кетсек, кечээ, 2-декабрда бул курулуш тууралуу окурман кабарлап, Экологиялык-техникалык инспекциянын Каракол шаарындагы бөлүмүнүн башчысы Тилек Исраилов аталган курулуштун ээсине 10 миң сом өлчөмүндө айып салынганын SUPER.KG порталына айткан.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

Караколдо мыйзамсыз курулуш улантылып жатат
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
kenjebek_a
2016-12-03 17:18:17
Дагы бир бийликтеги жеп утаттыкы окшойт.Штраф салганды тоготпогон.
0
Sezim.A
2016-12-03 18:55:25
kenjebek_a,же болбосо оозун майлап койгондур балким ошого ишенип улантып жаткандыр курулушун.
0
Kroxa
2016-12-03 19:55:10
10минди шрафка мейле чонтогуно салса керек эко инспекцеясы улантат да эми алчусун алып кайрабармак беле...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан