Кечээ, 3-декабрда Сургут шаарында кыргыздардын ынтымагын бекемдөөчү кичи футбол боюнча мелдеш өттү. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу бүгүн, 4-декабрда кабарлады.
"Мелдешке өлкөбүздүн ар бир облусунан бирден команда катышты. Ар бир команда байге фондуна кошумчасын берди. Жыйынтыгында Ысык-Көл облусунун командасы 1-орунду ээледи", - деди окурман.
Иш-чараны Сургуттагы диаспоранын астындагы Жаштар комитети уюштурганы белгилүү болду.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.