ЖЫЛНААМА, 4-ДЕКАБРЬ: 7 жыл мурун орусиялык актёр Вячеслав Тихонов каза болгон

Легендарлуу “Жаздын он жетинчи ирмеми” сериалында Макс Отто фон Штирлицтин ролун жараткан орусиялык актёр Вячеслав Тихонов 1928-жылы 8-февралда Москвада төрөлгөн.

Вячеслав Тихонов - СССРдин Эл артисти, Социалисттик Эмгектин Баатыры, көптөгөн сыйлыктардын лауреаты.
Тихонов баш-аягы 50дөн ашуун тасмага тартылган. Чет элдик тасмаларды которуу маалында үн коштоочу болуп иштеген. Мисалы, актёр Ален Делондун үнүн дайыма коштогон.
2002-жылдын декабрь айында жүрөк оорусу катуу кармап, инфарктка кабылган, бактыга жараша, ал ооруну жеңип кеткен. 2009-жылы 28-ноябрда жүрөгүнө операция жасалган, бирок актёрдун абалы начарлап, бөйрөктөрү иштебей, 4-декабрда каза болгон.
4-декабрдын жылнаамасы.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
asefsa
2016-12-04 17:45:58
Менин суйуктуу актёрум эле.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан