Кыргыз жеринен чыккан атактуу мушкер Валентина Шевченко 8 бурчтукта кезектеги беттешин америкалык Жулианна Пенага каршы өткөрөт. Беттеш 2017-жылы 28-январда АКШда орун алат жана "UFC on FOX 23" мелдешинин башкы беттеши болмокчу.
Пена - Мушкерлердин абсолюттук чемпиондугунда (UFC) 61,5 килограмм салмакта көрүнүктүү мушкерлердин бири. 27 жаштагы спортчу тизесинен алган жаракатынан улам 2 жыл октагонго чыккан эмес. 8 бурчтукка ал 2015-жылы кайткан. Ал эми Валентина Шевченко учурдагы чемпион Аманда Нунезге утулганына карабай чемпиондук кур үчүн мушташууга мүмкүнчүлүгүн сактап келет. Ал ушул жылдын июль айында Холли Холмду артыкчылык менен утуп алган.