Аз убакыт мурун АКШнын Чикаго шаарындагы "United Center" аренасында эрежесиз мушташ боюнча "UFC ON FOX 20" мелдеши жыйынтыкталды. Күндүн башкы беттеши 61 килограмм салмакта америкалык Холли Холм менен Кыргыз жеринен чыккан Валентина Шевченконун ортосунда болду.
Беттеш 5 раундга созулуп, Шевченконун жеңиши менен аяктады. 3 калыс тең Валентинаны жеңүүчү деп тапты (49-46, 49-46, 49-46). Холм кезинде бокс боюнча Дүйнө чемпиону аталса, Валентина тай бокс боюнча Дүйнө чемпиону болгон. Алар жеңиш ээсин тикесинен тик туруп мушташуу менен аныкташты. Качырып иштөөгө аракет кылган Холли Холмго атаандашы таамай соккулар менен жооп кайтарып жатты.
Бул жеңиштен кийин Шевченко учурдагы чемпиондук титулдун ээси Аманда Нунез менен беттешүүгө мүмкүнчүлүк алды.