Социалдык тармактарда активисттер 2017-жылдын 1-январынан тарта өлкөдө улуттук валютанын өркүндөтүлгөн 200 сом номиналындагы акын Алыкул Осмоновдун элесинде көзү кылый болуп калганын талкуулап жатышат. Активисттердин талкуусуна Улуттук банк төмөнкүдөй жооп кайтарды:
"2016-жылы чыгарылган өркүндөтүлгөн 200 сом номиналындагы Алыкул Осмоновдун портретинде 2010-жылы чыгарылган IV сериядагы 200 сомдук банкноттогу элеси эле чагылдырылган. Өркүндөтүлгөн 2016-жылкы банкнотто бир гана бул портретти аткаруунун техникалык ыкмасы өзгөртүлгөн. Башкача айтканда, банкнотко түшүрүүнүн классикалык ыкмасы – техникалык колго жасоо гравировкасы колдонулган. Ошого жараша фотопортретте чегип жаратуу түзүлдү. Бул технологияны колдонуу ыкмасынын натыйжасында 2016-жылы чыгарылган IV сериядагы өркүндөтүлгөн банкноттор даана көрүнүп, бир кыйла көркөмдөлдү. Белгилей кетсек, улуттук валютадагы бардык банкноттордун портреттери эч кандай өзгөртүүгө дуушар болгон жок".
Ал эми номиналдардын жасалгалоосу, алардагы инсандардын портреттери Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 7-августундагы №280-буйругу менен кабыл алынганын белгилешкен.
2010-жылы чыгарылган IV сериядагы банкнотторду жүгүртүү процессинин негизинде, Улуттук банк калктын суроо-талаптарына жараша, портреттер даана эмес жана “бүдөмүк” калыпта көрүнүп жаткандыгын эске алганын кошумчалашкан Улуттук банктан.
"Ушуга байланыштуу Улуттук банк тарабынан банкноттордун техникалык мүнөздөмөсүнө бир аз өзгөртүү киргизүү чечими кабыл алынган. Анын негизинде эл көнүп калган банкноттун жалпы көрүнүшү сакталып, "Mask TM" жаңы элементин колдонуу аркылуу банкноттун коргоо комплексин бекемдөө каралган", - деп айтылат маалыматта.