Ак-Талаа районунда мал издегени кеткен экинчи тургундун жансыз денеси табылды

Ак-Талаа районунда мал издегени кеткен экинчи тургундун жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 11-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Ак-Талаа районунун эки тургуну 7-декабрь күнү Орто-Сырт жайлоосуна мал издегени чыгып кеткен. Эртеси сууктан тоңуп каза болгон 24 жаштагы К. уулу Анын жансыз денесин табышкан. Ал эми 23 жаштагы Б.Э. дайынсыз болуп жаткан. Издөөгө милиция кызматкерлери, куткаруучулар, туугандары тартылып, бүгүн анын сөөгү табылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Bazana
2016-12-11 13:38:39
Тообо,Арктикада адашып тонду десе болот ушул айыл ичинделе тонуп олгонуно таным бар.
+12
Eldos1
2016-12-12 00:27:16
Bazana,адашасыз тобо кыласыз акталаанын суугун кордунуз беле биринчи озунуз барып коруп айтсаныз жакшы болмок жана айыл ичинде эмес жайлоодо деп атат жайлоо менен айылдын ортосу бери дегенде 20 25 км тузот акталаага сиз кышында эмес жайында чыдабайт болушунуз керек арты кайрылуу болсун балдардын
+1
Eldos1
2016-12-12 00:30:38
Bazana, ак талаа ачык жер кар жаагандан кийин шамал айдап жолдор жабылып калат жайлоого бир чыйыр жол менен барса кар уйлоп жолду жаап салса адашып кетишсе керек да анан дагы тоолор коктулар бири бирине окшош
0
Baatur7777
2016-12-12 20:18:40
Bazana,ал Аска-зоо,дайыма шамаал болуп турат,тумандан 2метр жерди корбойсун анан да киши жашаган жерлер алыс
0
TEH
2016-12-11 14:22:48
Кудай сакта
+1
Medina87
2016-12-11 15:37:19
Азыр кыштын куну кун кыска. Ат минип издешпептир да адашышса да ат короосун таап келет эле тизгинди жиберсе.
Жаткан жерлери жайлуу болсун!
+7
Eldos1
2016-12-12 00:33:43
Medina87,ат менен эле издешсе керек анткени жайлоого чейин жоо кар жиреп бара албайсын кар калын тушот акталаага
0
ukmuw-ukmuw
2016-12-12 01:31:15
Medina87,жон еле ХХХ боло бербечи жоо да мал издемек беле суукта ат минип бастырып чыгып корсон билесин аттын устунон тонсон кармана албай ооп тушуп каласын!жоон анча ушубойсун ойлонуп жазчы биртике
0
Bak.taalai
2016-12-12 03:18:27
ukmuw-ukmuw,Балдар жоо болушкан Элеман Адилет
0
nur_zhoni
2016-12-11 15:56:43
Ажал жетсе уйундо олтуруп деле олот
+8
Firdaus-Muslim
2016-12-11 17:17:50
Өмүргө кепилдик жок. Эртең ким бар ким жок. Үй-бүлөсүнө сабыр берсин кудайым. Жаткан жери жайлуу топурагы торко болсун. Атаганат жаш өмүрлөр.
+1
ainura220888
2016-12-12 02:44:19
Декабрда калып кеткен малды издеп барбай эле койбоптурда. Биздин эчкилерибиз бир жылы калып кеткен эле кийинки жылы жарымы койго кошулуп кайра корого келип калган келбегенин акем таап атып апкелген уйго. Мал деп мерт кетишти жапжаш жигитер.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан