Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, Ак-Талаа районунун эки тургуну 7-декабрь күнү Орто-Сырт жайлоосуна мал издегени чыгып кеткен.
"Ошол түнү алар туугандарына телефон чалышып, аябай үшүп калышканын айтышкан. Эртеси 24 жаштагы К. уулу Анын жансыз денесин табышкан. Ал эми 23 жаштагы Б.Э. дайынсыз болууда. Аны издөөгө милиция кызматкерлери, куткаруучулар, туугандары тартылды. Азырынча жыйынтык боло элек", - деп билдиришти Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен.