Союз тарагандан кийин театрга мамлекет тарабынан көңүл бурулбай, күнүмдүк тиричиликтен баш көтөрө албаган эл маданият жайына каттабай калды. Учурда театрдын туруктуу аудиториясы жок. Жарытпаган айлык алган актёрлордун курамы айрым күндөрү залдын 20 пайызын гана ээлеген көрүүчүлөргө өнөр тартуулайт. Бул жакка келгендердин көбү студенттер. Айрым учурда алар да жогорку маданиятты эстен чыгарып, актёрлорду кыйкырып сүрөгөнгө, ышкырып сүрөгөнгө чейин барышат. Аларды окуу жайдан бул жайга жиберишпегенде, алар да болмок эмес. Кыскасы, театр бүгүнкү күндө оор мезгилди башынан өткөрүп жатат.
Бишкек шаарындагы Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын жетекчилигине, андагы актёр-актрисаларга кайрылып, театр, жетишкен ийгиликтери, көйгөйлөрү жөнүндө билүүгө аракет кылдык.
Аталган театр 1926-жылы 2-ноябрда музыкалык-драмалык студия катары негизделген. Алгачкы жетекчиси - Николай Еленин. 1930-жылы Кыргыз мамлекеттик музыкалык драма театры, 1941-жылы Кыргыз мамлекеттик драма театры болуп түзүлгөн. 1970-жылы "академиялык" деген наам алган. 2017-жылы март айында театр 90 жылдыгын салтанаттуу белгилөө алдында турат.
Актёрлор көйгөйдүн көптүгүнө, акча аз төлөнгөнүнө карабай бир ооздон күнүнө ыйык делген театрга бир баш багып кетпесе бук болуп кетишерин, анын сыйкырдуу күчү бар экенин, андыктан бул жайдан кете алышпасын жылмаюу менен айтып беришти.
10 ЖЫЛДАН БЕРИ ИШТЕП КЕЛГЕН КЫЗМАТКЕРЛЕР 6,5 МИҢ СОМ АЙЛЫК АЛЫШАТ
"Театрдын кандай сыйкыры бар экенин жадакалса Шекспир, Станиславский жана башка белгилүү инсандар да айта алышкан эмес. Улуу кишилер айтып калышчу, "театрга бир кирдиңби, кайра чыгып кете албайсың" деп. Кээде аябай жанга батып кеткен учурда "болду, баарын таштадым, кеттим" деп кеткиң келет. Анан 1-2 айга тыныгуу алганда, кайра бук болуп, депрессияга түшүп кетесиң. Кайра келип спектаклде ойноп, элдин алкоосун, кол чабуусун көргөндө баарын унутасың. Андыктан театр - менин экинчи үйүм. Жашоодогу, үй-бүлөдөгү түрдүү көйгөйлөрдү ушул жерге келип унутам, эргүү, эс алуу алам", - дейт актёр.
"Албетте, турак жай маселеси, айлык акынын аздыгы курч бойдон калууда. Быйыл Тарых жана маданият жылына карата бул маселе чечилген жок. 5 жылдык стажы менен 4 миң сом алышат. Мен 10 жылдан бери иштеп келем. 6500 сом маяна алам. "Айлыкты көтөрөт бекен? Көтөрсө керек, кошулат дешти го" деп 10 жылдан бери өз ара сүйлөшүп коюп артисттер иштеп жүрүшөт. Чынында, театрды сүйгөн, ага күйгөн адамдар гана бул жерде калган.
"Театр өлдү, болбой калды" деген болбогон сөз. 3 миң жылдан бери жашап келе жаткан театр мындан ары да жашай берет. Болгону мамлекет социалдык маселелерди чечип берүүсү зарыл. Ошондо театр өзү менен өзү өсө берет", - деп кошумчалады Жанжигитов.
"САМАНЧЫНЫН ЖОЛУ" КОЮЛАТ ДЕГЕНДЕ ЭЛ КАССАДА КЕЗЕК КҮТҮП КАЛДЫ
Улуттук академиялык драма театрынын директору, Кыргыз ССРинин Эмгек сиңирген артисти Темирлан Сманбековго жолугуп, театрдын жетишкен ийгиликтери, учурдагы абалы, көйгөйү тууралуу суроо салдык.
Темирлан Сманбековдун айтымында, 2016-жыл - Тарых жана маданият жылына карата өкмөт тарабынан 6 миллион сом бөлүнүп, театрга керектүү жабдуулар, кичи автобустар алынып, аймактарга гастролго чыгуу мүмкүнчүлүгү жаралган.
"Индия элинин "Махабхарата" эпосу боюнча спектакль коюп, премьерасына Бишкек шаарындагы бардык элчилик өкүлдөрүн чакырдык. Премьера жогорку деңгээлде өтүп, көптөгөн элчиликтерден "акча каражатын бөлүп берели, биздин элдин да белгилүү чыгармаларын кыргыз элине көрсөтүп берсеңиздер" деген суранычтар болду. Учурда бул жаатта Улуу Британия, Иран, Азербайжан элчиликтери менен сүйлөшүүлөр жүрүп, кийинки жылдан тарта гастролго чыгуу аракети көрүлүп жатат", - дейт
Т.Сманбеков.
Темирлан Сманбеков бул жылы театрда "Коркут ата", "Саманчынын жолу" спектаклдери коюлуп, чоң аншлаг менен өткөнүн, кассага эл кезек күтүп толуп калганын айтат. Толгонай менен Жер эненин сүйлөшүүсүн, ички сезимдерин табигый, жасалмасыз, ашыкча көркөмдөбөй берген режиссёр Марат Козукеевдин чеберчилиги экенин, ошол учурдагы элдин кайгы-муңун укмуштуудай ачып бергенин кошумчалады. Бул чыгарма Ош шаарында да көрсөтүлүп, эл эмоциясын жашыра албай көзүнө жаш алган.
"Театрга элдин келбей калуусуна эмне себеп болгон?" деген суроого театр директору мындай дейт:
"Бир кезде бир системден экинчи системге өткөн өткөөл учур болду. Анда эл театрга келмек тургай, үй-бүлөсүн, балдарын мектепке жиберүүгө акчасы жок учур эле. Анан кайдагы театр? Андыктан бир муун театр эмне экенин билбей, искусствону көрбөй чоңойду.
Эл келиш үчүн жогоруда айтылгандай жан дүйнө азыгын бере турган, жаш муунга тарбия, ыйман берип, жан дүйнөсүндө төңкөрүш жарата алган мыкты спектаклдер коюлушу зарыл. Акыркы кезде эл өстү, өзгөрдү, аны менен катар театрга элдин, жаштардын келгени жанданды. Студенттер, мектеп окуучулары келип жатышат. Аларга билет баасы 50 сомдон, чоңдорго 100 сомдон".
АЙЛЫК АКЫНЫН АЗДЫГЫНАН ТЕАТРДА ЧЫНЫГЫ ФАНАТТАР КАЛГАН
Жогоруда аталган театрда жалпы 200дөй кызматкер иштейт. Анын 130у чыгармачыл топто, 70и техникалык курамда иштегендер. Актёрлордун айтымында, айлык акынын аздыгынан анда чыныгы фанаттар гана калган. Бүгүнкү күндө да алар "буюрса, айлык акы жогорулайт" деген илгери үмүт менен, "Канткенде театр элди чогултат, канткенде жаштарга руханий азык бере алат?" деп сүйгөн ишин жасоону улантышат.
"ТЕАТРГА КҮН САЙЫН БИР МААЛ КЕЛИП КЕТПЕСЕМ БАШЫМ ООРУЙТ"
Театр актрисасы Альбина Имашова күн сайын сөзсүз театрга келип кетет.
"Театр мени кантип өзүнө сыйкырлап алганын айта албайм. Бардык жакшы күндөрүм ушул жай менен байланыштуу. "Дарак бир жерден көгөрөт" дегендей, жолдошум экөөбүз башка жакка жумушка кетпейбиз. Бул жайга бир күн келбей калсам, көп нерседен артта калгандай болом. Бизде эс алуу күн деген болбойт, күн сайын жок дегенде бир маал келип, 2 саат отуруп кетпесем башым ооруйт. Акыркы кезде театрга элдин кызыгуусу артып жатат. Демек, жандануу бар, буюрса, театр көтөрүлөт".
Театрдын дагы бир таланты, фанаты, жаш актёр Анвар Осмоналиев үчүн сахна, театр жашоосунун негизги бөлүгүн түзөт.
"Аз айлыкка деле карабай убактыбыздын баарын ушул жерде өткөрөбүз. Башка жактан деле көп акча тапса болот. Кеп акчада эмес, театрдын өзүндө, себеби жан дүйнөнүн азыгын, чыгармачылык эргүүнү ушул жерден алабыз. Башкы каарман болобу же жөн эле массовкада турасыңбы, маанилүү эмес. Спектакль бүткөндө элдин кол чабуусун көрүп, бардык кыйынчылыктарды унутасың. Ошондогу сезимге эч нерсе жетпейт", - дейт А.Осмоналиев.