Кечээ, 19-декабрда Орусиянын Түркиядагы элчиси атылган иш-чарада Кыргыз Республикасынын элчиси Ибрагим Жунусов да бар болгон. Бул тууралуу КРнын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Ибрагим Жунусов иш-чарага Орусиянын Түркиядагы элчиси Андрей Карловдун чакыруусу менен барган. Ал жаракат алган эмес.
Эскерте кетсек, кечээ, 19-декабрда Анкарада жергиликтүү убакыт боюнча болжол менен саат 19:00дө "Орусия Калининграддан Камчаткага чейин: саякатчынын көзү менен" аттуу сүрөт көргөзмөсүнүн ачылышында Андрей Карловду полицияда 2,5 жылдан бери иштеген Мевлют Мерт Алтынташ аттуу кызматкер атып өлтүргөн.
Орусиянын президенти Владимир Путин бул окуяны "Түркия менен биргеликте Сириядагы абалды турукташтырууга болгон аракетти токтотууга болгон провокация" деп атады.
Күбөлөрдүн айтымында, кылмышкер бөлмөгө киргенде аны элчинин жан сакчысы деп ойлошкон. NTV телеканалынын билдирүүсү боюнча, Мевлют Мерт Алтынташ элчини аткан соң көргөзмөгө келгендердин тарашын талап кылып, жерде жаткан Карловду дагы бир нече жолу аткан. Аны окуя болгон жерге келген полиция кызматкерлери атып жок кылышкан. Бул кылмыштан улам дагы 3 адам жаракат алган.