Өзбекстан президентинин жубайы Зироатхон Мирзиёева соцтармактагы баракчасына лидер айымдар менен бирге түшкөн сүрөттөрүн жарыялады. Алардын арасында Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарова да бар.
Анын билдирүүсүндө "Балдардын бакубаттуулугуна инвестиция салуу" саммитинин катышуучулары Имам аль-Бухари мемориалдык комплексине барышканы маалымдалат.