Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн шаардык реабилитациялык борборго 45 907 долларлык жабдуулар берилди

Бишкек шаарындагы Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн шаардык реабилитациялык борборго жаңы жабдуулар тапшырылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы бүгүн, 22-декабрда билдирди.

"Чөп тамырлары жана адам коопсуздугу" япониялык гранттык программанын негизинде аталган борборго салтанаттуу түрдө Газель NEXT кичи автобусу, стимуляция, электр жана ультраүн терапиясынын жабдуулары, дарсонвализация жабдуусу, тосмолор, фитнес үчүн гантелдер, гимнастикалык мат, швед тепкичтери, бокс мээлейлери жана кабы, тренажёрлор, электр плита, суу ысыткыч, ашкана столу, илгичтер, медициналык шкафтар, кушеткалар, бут кийим үчүн текчелер берилди. Жалпы баасы 45 907 долларды түздү", - деп жазылат маалыматта.

Иш-чарага Япониянын Кыргыз өлкөсүндөгү ыйгарым укуктуу элчиси Ёсихиро Ямамура да катышканы маалым болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан