Турсунбек Акун: "Элге таанылыш үчүн эмес, жеңиш үчүн президенттик жарышка катышам"

Мурунку акыйкатчы Турсунбек Акун өзүнүн президенттик жарышка катышуу чечимин 26-декабрда SUPER.KG порталына түшүндүрдү.

"Президент Алмазбек Атамбаев кайсы бир талапкерди колдоп чыкпаса, шайлоо адилеттүү өтөт. Мен талапкерлигимди жөн эле элге таанылыш үчүн койгон жокмун. Мындай абалды 2000-жылы башымдан өткөргөм, азыр элге таанымал адамдардын биримин. Бүгүн жеңиш үчүн гана чыгып жатам, андыктан жарым жолдон талапкерлигимди алып салбайм", - деди Акун.

Кыргызстан демократиялык кыймылы өткөн аптада Турсунбек Акунду президенттикке талапкер кылып чыгаруу чечимин кабыл алган. Белгилей кетсек, Кыргызстан демократиялык кыймылы 1990-жылы түзүлгөн. Убагында абдан таасирдүү кыймыл болгон. Коммунисттик идеологияны жерип, жаңыча ой жүгүртө баштаган демократиялык маанайдагы саясатчылардын көбү ушул уюмда болгон. Быйыл кыймыл өзүнүн 26 жылдыгын белгилеп, ишин кайрадан жандантканын жарыялаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан