ЖЫЛНААМА, 31-ДЕКАБРЬ: Дүйнөнү "Gangnam Style" ырына бийлеткен түштүк кореялык ырчы PSY 39 жашка толду

"Гангнам стайл" ыры менен белгилүү болгон түштүк кореялык рэп ырчысы PSY Түштүк Кореянын Сеул шаарындагы бай делген Каннамгу аймагында (Gangnam-gu) туулган. Толук аты-жөнү - Пак Чэ Сан. Ал бай үй-бүлөдө туулуп, Сеулда билим алган. Аны өзүнүн окуусуна караганда музыка көбүрөөк кызыктырчу. Анын башкы кумирлери Эминем жана 2 Pac болуп, өспүрүм кезинде өзүнүн алгачкы ырларын жаза баштаган. 1996-жылы АКШдагы Бостон университетине бизнести башкаруу техникасын үйрөнүү үчүн тапшырган, бирок ал жакты жакшы окубай, окуусун таштап салган. Андан соң Беркли музыкалык колледжине тапшырып, аягына чейин окуп бүтүрбөй, Кореяга келип өзүнүн жеке чыгармачылыгын баштаган. Алгачкы "Bird" ырынын клиби менен бир нече жолу телеберүүлөргө чыгып, тааныла баштаган. 2001-жылы "PSY from the PSYcho World!" альбомун тартуулап, өзүнүн бийлери менен Түштүк Кореяда атактуу болуп, ошол убактан бери корей элинин сүймөнчүк жылдызы.

2002-жылы кезектеги альбомун чыгарган, бирок анын маңызына байланыштуу 19 жаштан өткөндөр гана сатып алууга укуктуу болгон. Өзүнүн күлкүлүү кыял-жоругу, жүрүм-туруму менен корей шоу-бизнесине кадам таштаган PSY ырларында маданиятсыз сөздөрдү колдонгону үчүн бир нече жолу айып пул төлөгөн. Ошондой эле аскер кызматын өтөбөй жүргөндүктөн, 2007-жылы мамлекет тарабынан мажбурлоо жолу менен аскерге барып, 2009-жылы кайтып келген. 2003-2012-жылдары чыгармачылыгы жылышпай калгандыктан, продюсер жана композитор катары да иштеген. "Gangnam Style" ырынын клиби Кореянын хип-хоп музыкасына пародия катары гана тартылса да, 2012-жылы 15-июлда ырчыга кайрадан атактуулукту кайтарган. Эми ал мекенине гана эмес, дүйнөгө таанылган.

"Лос-Анжелес таймс" гезити "Gangnam Style" ырынын интернет аркылуу токтотууга мүмкүн болбогондой жайылып баратканын жазып чыккан. Чарттардын биринде Жастин Бибердин "As Long as You Love Me" ыры жана Кэти Перринин "Wide Awake" ырларынан да ашып, алгачкы саптарды ээлеген. Бул ийгиликтеринен улам Жастин Бибер ырчы менен чогуу иштешүү сунушун киргизип, PSY анын "Island Records" агенттиги менен расмий түрдө келишим түзүүгө да жетишет. 6-сентябрда ырчы MTV телеканалынын музыкалык видеоклиптерге сыйлык тапшыруу аземине катышып, "Billboard" журналынын версиясы боюнча Майли Сайрус, Рианна менен катар мыкты кийинген жылдыздардын катарын да толуктаган. Аталган клип 2012-жылдын 20-сентябрында "Гиннесстин рекорддор китебине" кирген.

Пак Чэ Сан 2006-жылы виолончелистка Ю Хе Ёнго үйлөнүп, эгиз кыздуу болушкан. Учурда ырчы АКШда жашайт.

31-декабрдын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Aman97kg
2016-12-31 11:00:50
Пангимундун бийлегени жакшы чыгыптыр
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан