Мындан 79 жыл мурун, 1937-жылы 31-декабрда британиялык жана америкалык актёр Энтони Хопкинс туулган. Ал "Ганнибал", "Зорро бет кабы" жана башка тасмалардагы ролдору аркылуу атактуулукка жеткен.
Ал дислексия оорусу менен ооругандыктан, мектепте окуй алган эмес. Андыктан искусство жаатында окууну туура көргөн. 15 жашында актёр Ричард Бёртонго жолукканы кино тармагын тандоого түрткү болгон. Музыка жана драма колледжин бүтүрүп, Лондондогу Драма искусство академиясында билим алган.
2000-жылдан бери АКШда жашап, америкалык жарандык алган. 2003-жылы Голливуддагы Даңк аллеясында жылдыздуу болгон. 2008-жылдан тарта Британиянын кино жана телевизиондук искусство академиясынын мүчөсү. "Оскар", эки "Эмми" жана төрт жолку BAFTA сыйлыгынын ээси.
Хопкинс 3 жолу үйлөнгөн:
31-декабрдын жылнаамасы.