Жалал-Абад облусунун Сузак районунда коркунуч жараткан жер көчкү дагы жыла баштады

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда коркунуч жараткан жер көчкү дагы жыла баштады. Бул тууралуу бүгүн, 11-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Көк-Арт айыл аймагынын Жалгыз-Жаңгак айылынын түштүк тарабындагы дөңсөө 5-6 метрге жылганы байкалган. Мындан улам 1 турак үйгө коркунуч алып келген. Жергиликтүү бийлик тарабынан 2 үй-бүлө коопсуз жайга көчүрүлдү. Учурда 13 үй-бүлө түнкүсүн башка аймактагы жакындарынын үйлөрүндө түнөп жатышат", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, жер көчкүнүн көлөмү 40 миллион метр кубду түзөт. Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 3-январында Көк-Арт айыл аймагынын Жалгыз-Жаңгак айылынын түштүк тарабындагы жантаймада 50 метрдей жер көчкү жылып, 16 турак жайга коркунуч жараткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан