Мындан 111 жыл мурун, 1906-жылы 13-январда радиону ойлоп тапкан орус физиги жана электротехниги Александр Попов 46 жашында Санкт-Петербургда каза болгон.
Зымсыз электр байланышын узактыкка берүү каражатын ойлоп табуучулардын бири Александр Попов 1859-жылы 16-мартта туулган. Анын радио жана радио байланышка сиңирген эмгеги 1900-жылы Париж шаарында өткөн бүткүл дүйнөлүк көргөзмөдө алтын медалга арзыган.
Поповдун жактоочуларынын пикирине караганда, ал зымсыз телеграфты ойлоп тапкан италиялык Гульельмо Маркониге чейин радиоприёмникти иштеткен. Тагыраак айтканда, 1895-жылы 7-майда Орус физика-химиялык коомунун физикалык бөлүмүнүн отурумунда Попов зымсыз байланышты ойлоп тапкандыгы тууралуу баяндама окуп, аны эл алдына көрсөткөн. Ушул окуяга байланыштуу 1945-жылдан тарта 7-май Радио күнү катары белгиленип келет. Ал эми 1896-жылдын 24-мартында ал радиотелеграфтын иштешин көрсөткөн. Бирок ушул мезгилге чейин дүйнөдө радиону биринчи болуп ойлоп тапкан адам тууралуу талаш пикирлер жаралып келет.
А.Попов жиберүүчү жана кабыл алуучу аппараттарды терең өздөштүрүп, радионун сигналдарын 150 чакырым аралыкка чейин жеткире алган. Ошондой эле ал рентген нурларын изилдеп, Орусияда биринчи болуп предметтерди жана адамдын дене бөлүктөрүн рентгенге тарткан. 1882-жылы Петербург университетинин физикалык-математикалык факультетин аяктаган соң, техникалык окуу жайларда физика жана электротехника боюнча сабак берген. 1901-жылы физика илиминин профессору, 1905-жылы Петербург электротехникалык институтунун директору болуп иштеген.
13-январга карата жылнаама.