Ала-Бука районунда баптизм агымындагы аялдын сөөгүн мүрзөдөн казып жатканда аким, айыл өкмөтү, милициялар карап турушкан

Ала-Бука районунда баптизм агымындагы маркумдун сөөгүн мүрзөдөн казып алууга район акиминин катыштыгы бар. Бул тууралуу бүгүн, 16-январда SUPER.KG порталына Ала-Бука районунун тургуну, сөөктү казып алууга катышкан Максат Койчуманкулов билдирди.

Белгилүү болгондой, Ала-Бука районунун Сары-Талаа айылында 76 жаштагы аял 2016-жылы 13-октябрда көз жумган.

"Тургундар чогулуп, айылдын четиндеги мүрзөгө баптизм агымындагы маркумдун сөөгүн казып алууга барышкан. Сөөктү казып алып жатканда айылдын аксакалдары, райондун акими, Ала-Бука айыл өкмөтүнүн башчысы, жергиликтүү милиция кызматкерлери турушкан. Ошол учурда район акими Сонунбек Акпаралиев райондун имамын "Мүрзөнүн сыртына көмгүлө деп айтпадым беле, эмнеге аткарган жоксуң?" деп элдин көзүнчө урушуп жатты. Биз казып жатканда аким, милиция кызматкерлери мыйзам бузулуп жатканын айтышпай карап турушкан. Ошол эле учурда аким сөөктү казбагыла деп дагы айткан эмес. Мен болгону 3 күрөк топурак ыргытып, видеокамерага тартылып калыпмын", - деп билдирди Койчуманкулов.

"Сөөктү мүрзөдөн казып алдың" деген шек менен бир нече жолу тергөөгө чакырылып, иши сотко өткөрүлгөн Максат Койчуманкулов 30 жашта. Ал эки уулдун атасы. Жакында соттук отурум болорун айтты.

Маалыматка ылайык, райондук сот 13-январда "сөөктү казып алууга катыштыгы бар" делген тургундарды 3 жылга шарттуу кескен.

Эске салсак, буга чейин баптизм агымындагы маркум аялдын сөөгү 3 жолу казылып алынганы маалымдалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Saribulak
2017-01-16 17:12:34
Имамдан баштап баарын соттош керек!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан