Бүгүн, 16-январда Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин отурумунда каралган маселелер депутат Тазабек Икрамов үчүн кызыксыз болду. Бул тууралуу ал өзү отурумдун соңунда билдирди.
"Биз, комитеттин мүчөлөрү, окуя болгон жерге барып келсек жакшы болот эле. Бүгүн каралган маселелердин мага кызыгы деле жок болду. Ким бара алса, чогуу барып келели", - деп сунуштады Икрамов.
Комитеттин төрайымы Гүлкан Молдобекова аны менен макул болду. Комитеттин мүчөлөрү Икрамовдун сунушун бир добуштан жактырышты.
Айта кетсек, аталган комитеттин бүгүнкү отурумунун күн тартибине 7 маселе киргизилген болчу. Авиакырсыкка байланыштуу өкмөттүн бир топ мүчөлөрү комитеттин отурумуна келе албагандыгынан айрым маселелер кийинки жумага жылдырылды. Жыйынтыгында отурумда Социалдык фонддун ишмердүүлүгүнө байланыштуу маселелер гана каралды.
Бүгүн эртең менен саат 07:30 чамасында Гонконгдон келе жаткан жүк ташуучу учак "Манас" аэропортуна жетпей Сокулук районундагы Курулуш башкармалыгынын дачаларына кулаган. Акыркы маалыматтар боюнча, авиакырсыктан 35 адам каза болду, 18 адам ар кандай жаракаттар менен ооруканага жеткирилди. Учурда зыянга учураган үйлөр текшерүүгө алынууда. Азырынча кулаган учактын 65 турак үйдү сүрүп кеткени айтылууда. Бул авиакырсыкка байланыштуу Кыргыз Республикасында 17-январь аза күтүү күнү деп жарыяланды.