Ысык-Көл облус башкармалыгынын кызматкерлери бир күндүк маянасын авиакырсыктан жабыркагандардын эсебине которушат. Бул тууралуу облус башчысынын басма сөз кызматы бүгүн, 16-январда кабарлады.
"Ысык-Көл облусунун эли учактын кыйраганы тууралуу маалыматты терең кайгыруу менен кабыл алды. Каза болгондордун жакындарына көңүл айтабыз, бул бүтүндөй кыргыз эли үчүн чоң жоготуу. Жаракат алгандардын тезирээк сакайышын каалайбыз", - деген облус башчы Асхат Акибаев.
Маалыматка ылайык, Ысык-Көл облустук башкармалыгынын кызматкерлери бир күндүк айлык акысын жүк ташуучу учактын кыйрашынан жаракат алгандардын эсебине которушарын билдиришкен. Мындан сырткары өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлчүлгүнүн имаратында жардам чогултуу пункту ачылганы маалым болду.