Кара-Суу районуна караштуу Отуз-Адыр айылынын тургундары оорукана маселесин көтөрүп чыгышты

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Отуз-Адыр айылынын тургундары оорукана маселеси менен нааразычылык акциясына чыгышты. Бул тууралуу бүгүн, 16-январда SUPER.KG порталына Кара-Суу районунун акими Тилек Матраимов билдирди.

"Кара-Суу районундагы Отуз-Адыр айылынын жашоочулары нааразычылык билдирип, оорукана маселесин көтөрүп чыгышкан. Алар оорукананы жеке тарапка сатылат деп туура эмес түшүнүп алышыптыр. Жыйынтыгында элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, оорукана сатылбастыгын, мыйзам ага каршы келерин айткандан кийин тарап кетишти", - деп билдирди район акими Матраимов.

Район акиминин маалыматына ылайык, аталган айылда буга чейин төрөткана иштеп келген. Бирок төрөткана өзүн өзү актабай калгандан улам убактылуу жабылып калган.

Белгилүү болгондой, учурда Отуз-Адыр айылында 30 миңден ашуун калк жашайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Azizbek.kg8
2017-01-16 16:37:53
Биздин айылго
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан