Бишкектин четинде Боинг учагы талкалаган үйлөрдүн жашоочулары жана каза болгондордун жакындары Бишкек шаарындагы мейманканага жайгаштырылат. Бул тууралуу 16-январда биринчи вице-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди.
Өкмөттө жабыркагандарга жардам көрсөтүү боюнча ыкчам кеңешме өттү. Авиакырсыктын кесепетинен ондогон үйлөр жараксыз абалга келгени белгилүү болду.
Эскерте кетсек, бүгүн таңга маал Курулуш башкармалыгынын дачасынын үстүнө Боинг учагы кулаган. Гонконг-Стамбул багытында бараткан жүк ташуучу учак Бишкекке май куюу үчүн конууну көздөгөн. Бишкектен май куюп алып, андан ары Түркияга учмак. Акыркы маалыматтар боюнча, каза тапкандардын саны 35ке жетти. Булардын төртөөсү экипаж мүчөлөрү, калгандары жергиликтүү жашоочулар. Оор абалда ооруканада жаткандар дагы бар. Кырсыкты атайын түзүлгөн комиссия иликтеп жатат.