Гонконг-Стамбул каттамындагы түркиялык "АСТ" компаниясынын учактары буга чейин да Бишкекке конуп, май куюп жүрүшкөн. Бул тууралуу SUPER.KG порталына "Манас" аэропортунан билдиришти.
"Бул каттамдын учактары кайсы жылдан бери биздин аэропортко конуп жүргөнү боюнча маалыматым жок, бирок конуп эле жүргөн", - деп ырасташты мекеменин маалымат кызматынан.
Эскерте кетсек, бүгүн таңга маал Курулуш башкармалыгынын дачасынын үстүнө Боинг учагы кулаган. Гонконг-Стамбул багытында бараткан жүк ташуучу учак Бишкекке май куюу үчүн конууну көздөгөн. Бишкектен май куюп алып, андан ары Түркияга учмак. Акыркы маалыматтар боюнча, каза тапкандардын саны 35ке жетти. Булардын төртөөсү экипаж мүчөлөрү, калгандары жергиликтүү жашоочулар. Оор абалда ооруканада жаткандар дагы бар. Кырсыкты атайын түзүлгөн комиссия иликтеп жатат.