Жалал-Абад облусунун Ички иштер башкармалыгы авиакырсыктан каза болгондордун жакындарына бир күндүк айлык маяналарын которот. Бул тууралуу бүгүн, 16-январда Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Манас" Эл аралык аэропортуна жакын жерде авиакырсыктан улам каза болгон атуулдардын жакындарына Жалал-Абад ОИИБи аза кайгысын тең бөлүшүп, ички иштер бөлүмүндө эмгектенген бардык район-шаарлардагы милиция кызматкерлери бир күндүк эмгек акыларын бөлүп беришет", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусу боюнча миңден ашуун милиция кызматкерлери иштешет. Бир күндүк эмгек акысын которуп берүү боюнча чечимди облустун тартип сакчылары чукул жыйын өткөрүп кабыл алышкан.