Бишкектин четиндеги авиакырсык Кыргыз Республикасынын авиация эрежелерине, тагыраагы, Кыргыз мыйзамдарына ылайык иликтенет. Бул тууралуу 16-январда Жарандык авиация агенттиги маалымдады.
Талапка ылайык, агенттик Эл аралык жарандык авиация уюмуна жана Мамлекеттер аралык авиация комитетине билдирме жөнөтөт. Билдирме ошондой эле Түркиянын авиация тармагын жетектеген органдарга, учакты чыгарган компанияга да жиберилип, кырсыкты Мамлекеттер аралык авиация комитети иликтей турганы айтылат маалыматта.
Жарандык авиация агенттиги Кыргыз өлкөсүнүн министрликтерин, ММКларын кырсыктын версиясы боюнча маалымат таратуудан карманып турууга чакырып, бардык жагдай комиссиянын иликтөөсүнөн кийин белгилүү болорун кабарлады.
Эскерте кетсек, бүгүн таңга маал Курулуш башкармалыгынын дачасынын үстүнө Боинг учагы кулаган. Гонконг-Стамбул багытында бараткан жүк ташуучу учак Бишкекке май куюу үчүн конууну көздөгөн. Бишкектен май куюп алып, андан ары Түркияга учмак. Акыркы маалыматтар боюнча, каза тапкандардын саны 35ке жетти. Булардын төртөөсү экипаж мүчөлөрү, калгандары жергиликтүү жашоочулар. Оор абалда ооруканада жаткандар дагы бар. Кырсыкты атайын түзүлгөн комиссия иликтеп жатат.