3,6 миллиард адамдын акчасы 8 адамдын колунда экени белгилүү болду

Жакырчылык менен күрөшкөн "Oxfam" гуманитардык уюму Дасвосто өтө турган форум алдында дүйнө жүзүндөгү байлар менен жакыр тургандардын дүнүйөлөрүнүн статистикасын чыгарганын "Le Soir" гезити жазып чыккан. Статистикага ылайык, дүйнөнүн 8 эң бай адамы 3,6 миллиард адамдыкындай мүлккө ээ.

Планетанын эң бай адамдарынын тизмесинин алгачкы орунунда "Microsoft" компаниясынын негиздөөчүсү Билл Гейтс турат, анын мүлкү "Forbes" басылмасынын маалыматы боюнча, 75 миллиард доллар. Ошондой эле "Facebook" социалдык тармагын жасаган Марк Цукербергдики 44,6 миллиард доллар, инвестор Уоррен Баффеттики 60,8 миллиард, медиа-магнат жана Нью-Йорктун мурунку мэри Майкл Блумбергдики 40 миллиард. "Amazon'дун" негиздөөчүсү Жефф Безос 45,2 миллиард, мексикалык бизнесмен Карлос Слим 50 миллиард, Oracle корпорациясынын негиздөөчүсү Ларри Элисон 43,6 миллиард, "Zara" дүкөндөрүнүн ээси Амансио Ортега 67 миллиард долларга ээ.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
UlukmanKalyev
2017-01-16 17:24:27
Ооо биздин аткаминерлер да калышпайт булардан.
+3
souza.j
2017-01-16 17:44:35
Оххоо байлык деп ушуну айт.
+2
azamat.janyshov
2017-01-16 17:55:54
Дагы деле аз десе керек
+1
AKCAHAT
2017-01-17 10:58:09
Ошентсе дагы 2 миллиардер Цукербергдин уйу вилла эмес ото жупунулугу жонокойлугу мн тан калтырды . Айдаганы да Фит . Бизде район акиминин уйу деле 3 этаждуу особняк 3 метр забор мн корголуп. Айдаганы джип .
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан