Учак кырсыгынан жабыркагандарга гуманитардык көмөк кабыл алуу пункттары уюштурулуп, Ош мэриясы жардам көрсөтүү үчүн атайын эсеп ачты

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан Боинг 747 учагынын авиациялык кырсыгынын натыйжасында жабыркагандарга көмөк көрсөтүүнү каалаган жарандардан гуманитардык көмөк кабыл алуу пункттары уюштурулду.

Гуманитардык көмөк көрсөтүүнү каалаган жарандар төмөнкү даректер боюнча кайрылышса болот:

1. Бишкек шаары боюнча: КРнын ӨКМ башкармалыгы, Анкара көчөсү-142. Телефон номери: (0312) 56 47 02, (0770) 80 04 44 (ыкчам нөөмөт).

2. Ош облусу боюнча: КРнын ӨКМ башкармалыгы, Шакиров көчөсү-16-А. Телефон номери (03222) 6 65 57, (0770) 80 00 40 (ыкчам нөөмөт).

Ошондой эле республиканын облустарында жабыркагандарга гуманитардык көмөк кабыл алуу пункттары уюштурулууда. Ал эми Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев шаардагы бардык
мекеме-ишканалардын жетекчилерине чукул жыйын өткөрдү.

"Анда авиакырсыктан жабыр тарткандарга моралдык жана материалдык жардам көрсөтүү максатында тез арада атайын эсеп ачылып, бардык муниципалдык мекеме-ишканалардын жетекчилерине жана андагы кызматкерлерге бир күндүк айлык акыларын которууну тапшырды", - деп айтылат маалыматта.

Калаа башчысы кырсыкка кайдыгер карабаган шаар тургундарын жабыр таркандарга жардам колун сунууга чакырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан