Сүрөтчү Азамат Жаналиев президенттин портретин сатып, Бишкектеги авиакырсыктан мерт болгондордун жакындарына жардам берүүнү көздөөдө (фото)

Бүгүн, 16-январда Бишкекте Боинг 747 учагы кулап, анын кесепетинен 35 адам мерт болду. Учурда каза болгондордун жакындарына материалдык жардамдар көрсөтүлүүдө.

Сүрөтчү Азамат Жаналиев да элден калбай, кырсыкта көз жумгандардын жакындарына жардам берүүнү көздөөдө. Ал жакында тартылган президент Алмазбек Атамбаевдин портретин сатыкка койду. Президенттин элеси мык жана жип колдонуу ыкмасы менен тактай бетине түшүрүлгөн.

"Портретти кимдин канча суммага сатып алары маанилүү эмес. Колдон келишинче өз жардамымды берейин деп жатам", - дейт сүрөтчү.

Кошумчалай кетсек, бул ыкма менен көп сүрөт тарткан сүрөтчү бүгүнкү күнгө чейин 1 сүрөт саткан. Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун портретин ал 88 миң сомго саткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
tuigan.
2017-01-16 17:48:55
Озунду пиярлабай турчу.элдин кабыргасы кайышып турганда!
+13
Tansuluu09
2017-01-16 17:59:38
tuigan., Пиар кылган жокко , колунан келген жардамын берип жататта.
-8
nemo2016
2017-01-16 18:17:12
tuigan.,адамдын ичиндегини билбей туруп каралоо эн жаман адат туура эле айтат ар ким оз ырыскысынан ашканын жардам жолуна(садака)иретинде берет азаматсын колундан келгенин бер
-1
aash
2017-01-16 19:56:28
tuigan.,-100
-5
KG.Kushtarbek
2017-01-16 17:54:02
малатсы
-9
Krai
2017-01-16 17:59:51
Бул пияр деле эмес болуш керек ар Ким колдон келген жардамын берип атышпайбы
Бирок ал портретти эч Ким албаса керек
+12
sarbo
2017-01-16 18:00:16
отпогон товарлар сатыкка чыгып баштаптыр го. Кайран элим
+10
bema_bema
2017-01-16 18:06:48
Колунардан келеби силер дагы, кичинекей нерсе болсо да жасап сатып жардамынарды кошкулачы. Оозум бар деп эле суйлой бересинер.
+4
kyrgyz_girl
2017-01-16 18:14:22
АШАдан башканын суроту болсо эл алмак беле, АШАнын суротун эмес озун коргусу келбей калды Кыргыз элим.
+16
altyn7776
2017-01-16 18:17:51
Атамбаев аман эле болсун
0
momun74
2017-01-16 19:11:45
altyn7776,тележке суроту мн конул айтканын чыгарып жатканын коруп жамман капа болдум беш мунот убакыты жокпу видео кайрулуу жасап конул айтканга
+4
Bolotbek7404
2017-01-16 18:30:12
АША озу сатып алсын. Барып койгонго жараган жок.
+12
Rasul_Rahmanaliev
2017-01-16 18:36:50
Бөөдө кырсыктан сактасын! Кайрат кылгыла! Сабырдуу бололу.
+3
tynara81
2017-01-16 19:12:59
Биринчи эле оюма , Атамбаевдин сүрөтүн ким алмак эле деген ой келди. Чын эле кимге керек, Атамбаевдер өздөрү эле албаса.. Бул өзүн пиарлоо эмес го дейм. Балким, Атамбаев көбүрөөк суммага сатып алат деп аткандыр, анан ошол сумманы котором деп Атамбаевге кыйытып атса керек. Колдон келген жардамды берели баарыбыз эле.
+13
tuigan.
2017-01-16 22:48:27
Жарыя кылып садака беруу бул садакага кирбейт туугандар.
+5
kamchatka
2017-01-17 11:40:21
15 сомго сат андан кымбатка эч ким албайт анын суротун. жакшысы башка жолун тап
Жардам кылыштын.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан