Алматынын тургундары учак кырсыгынан жабыр тарткандарга жардам көрсөтүшөт

Алматыдагы жарандык коом Курулуш башкармалыгынын дачалары аймагындагы учак кырсыгынан жабыркагандарга гуманитардык жардам көрсөтүү тилектештигин билдирди. Бул тууралуу Казакстандын маалымат булактары жазышты.

Мындай демилгени көтөрүп чыккан коомдук бирикме "Мен алматылыкмын" деп аталат. Аталган бирикменин лидери Константин Авершин: "Кырсыктан адамдар, анын ичинде жаш балдар да жабыркашты. Жабыр тарткан бир туугандарыбызга жардам берели. Жылуу кийимдер, консерва, макарон азыктары, акталган дан азыктары, жеке гигиеналык каражат-буюмдар, жаш балдарга жалаяктар болсо чогултабыз", - деп жазат ал социалдык тармактардын бирине. Кийим-кече, азык-түлүктөрдү чогултуу 16-17-январь күндөрү саат 19:00гө чейин уланат.

Tengrinews.kz басылмасына аталган коомдук бирикме: "Эски буюмдарды жүк кылып чогултуунун кажети жок. Жаңы же бир аз эле кийилген кийимдерди, колдон келишинче жылуу болсо чогултуңуздар. Убакыт тар, анын баарын сорттоп отурууга убакыт жок, эртелеп жеткирүү керек", - деп билдирет.

Эскерте кетсек, бүгүн таңга маал Курулуш башкармалыгынын дачасындагы үйлөрдүн үстүнө Боинг 747-400 жүк ташуучу учагы кулаган. Гонконг-Стамбул багытында бараткан учак Бишкекке май куюу үчүн конууну көздөгөнү айтылды. Бишкектен май куюп алып, андан ары Түркияга учмак. Акыркы маалыматтар боюнча кырсыктан каза болгондордун саны 32ге жетти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
aibars
2017-01-16 19:03:43
АЛЛАХтан кайтсын, комкордугуна Рахмат боордоштордун.
+8
nur_zhoni
2017-01-16 19:09:53
Ала ыразы болсун
+4
Azizbek.kg8
2017-01-16 19:36:22
Рахмат баурдаштар.
+3
a.m.akmoldoev
2017-01-16 23:37:24
АЛЛАХ. ыраазы болсун
+2
Zhenishbek.kyrgyz.2014
2017-01-17 04:45:04
Аллах ыраазы болсун баурлардан
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан