Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин 17-январдагы жыйынында Бишкектеги учак кырсыгы тууралуу маалымат берилүүдө. Транспорт жана жол министринин орун басары Гүлмира Абдралиева окуянын хронологиясын айтып берди. Анын айтымында, жүк ташуучу учактын экипажы "Манас" аэропортунда күйүүчү май куюп алууну пландаган.
6:41. Учак Кыргыз өлкөсүнүн аба майданына кирген.
7:16. Учкуч "Манас" аэропортуна конууга уруксат сураган. Кыргыз тарап уруксат берген. Мындан кийин учактын экипажы байланышка чыккан эмес.
7:20. "Манас" аэропортунун кызматы коркунуч сигналын жарыялаган.
7:31. Аэропорттун кызматкерлери окуя болгон жерге барышканда, учак өрттөнүп жаткан.
7:45. "Манас" аэропорту убактылуу жабылган. Бир нече каттам токтотулган.
13:30. "Манас" аэропорту ачылган.
18:00. "Манас" аэропорту кадимкидей тартипте иштей баштаган.
"Бүгүн саат 10:00дө Мамлекеттер аралык авиация комитетинин адистери Бишкекке жөнөшкөн. Мындан тышкары "Боингдин" өкүлдөрү келишмекчи", - деди Абдралиева.
Эскерте кетсек, 16-январда таңга маал "Манас" аэропортуна жакын жерге Боинг 747 учагы кулаган. Жүк ташуучу учак үйлөрдүн үстүнө түшүп, ондогон адамдардын өмүрүн алды. Акыркы маалыматтар боюнча каза тапкандардын саны 36га жетти. Ооруканада жаткандар дагы бар. Факт боюнча Транспорттук прокуратура кылмыш ишин козгоп, УКМК менен ИИМ иликтөө жүргүзүүдө. Кырсыкты Мамлекеттер аралык авиация комитети иликтейт.
Бүгүн, 17-январь - өлкөдө аза күтүү күнү.