ЭЛДИК КАБАР: Аза күтүү күнүндө мамлекеттик желектерди түшүрүү боюнча өкмөттүн эскертүүсүн май куюучу жайдын жетекчилиги кулак сыртынан кетирди

16-январда орун алган авиакырсыктан улам Кыргыз Республикасында 17-январь - аза күтүү күнү деп жарыяланып, өкмөт тарабынан бул күнү бардык ишканаларга мамлекеттик желектерди түшүрүү боюнча эскертүү берилген. Бирок "Роснефть" май куюучу жайы аталган эскертүүнү четке каккандай, себеби бул жайдагы желектер түшүрүлбөй турат. Бул тууралуу WhatsApp аркылуу SUPER.KG порталына билдирген окурман буларга токтолду: "Май куюучу ишкананын "Дыйкан" базары жана Токомбаев көчөсүндө жайгашкан станцияларында желектер желбиреп эле турат. Кеңсесине телефон чалсам угуп, "мына азыр байкайбыз" деген бойдон жок болушту. 2 сааттан бери чара көрүлө элек".

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Keremet008
2017-01-17 11:37:50
Азамат баарына саресеп салып турганыныз жакшы болду. Ак коз,кара коз деген бар булар аны ойлоп да койбойт
+8
baltabai
2017-01-17 11:45:07
Oa tuuura aitasyn
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан