Окурман Ош шаардык жашылдандыруу жана көрктөндүрүү комбинатын кызматкерлерди кыйнабай, олуттуу план менен иштөөгө чакырды. Ал өз оюн SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу билдирди.
Анын айтымында, Ош шаардык жашылдандыруу жана көрктөндүрүү комбинатынын директору Айгүл Наватова оюна келгенди жасап, кышында жол жээктерине тал тиккенге орун даярдатып жатат.
"Акыркы жылдарда шаарыбызда жашылдандыруу чарбасынын иштери жакшы болбой жатат. Ош шаарынын жана Сулайман-Тоонун буталган дарактардын фонундагы элеси көптөрдүн аң-сезимине ошондой бойдон сиңип калгандай. Анткени жыл сайын дарактарды бутап, иретке келтиребиз деп аталган мекеменин кызматкерлери жүдөй беришет. Анан да туура эмес жерлерге жылда көчөт отургузулат. Же анысы өсүп кетпейт. Урматтуу Айгүл Наватова, мындай "мартышкин труд" менен кызматкерлерди кыйнабай, олуттуу план менен иштесеңиздер боло!" - деген оюн жазды окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.