Бүгүн, 24-январда Чүй облустук сотунун судьясы Кыдык Жунушпаев Азимжан Аскаровдун иши боюнча өкүмдү окуп жатат. Буга чейинки болгон отурумдарда айыпталуучу акыркы сөзүн айтып, соттон аны актоону өтүнгөн. Ал эми жактоочулар Аскаровдун күнөөсүз экенин айтышып, эркиндикке чыгарууну суранышкан болчу. Мамлекеттик айыптоочулар Азимжан Аскаровдун күнөөсү толук далилденгенин жана райондук соттун чечимин күчүндө калтыруу керектигин айтышкан. Мындан улам соттук коллегия өкүм чыгаруу үчүн кеңешмеге кеткен эле.
Эскерте кетсек, Азимжан Аскаровду 2011-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту күнөөлүү деп таап, өмүр бою эркинен ажыраткан. Бул чечимге макул болбогон Азимжан Аскаров БУУнун Адам укуктары боюнча комитетине кайрылган. Ал комитеттин үстүбүздөгү жылдын 20-апрелинде чыгарган чечимине ылайык, Аскаровду абактан бошотуп, соттун өкүмүн жокко чыгаруу каралган. Мындан улам жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу иш Жогорку Сотто кайрадан каралып, Жалал-Абад облустук сотунун 2010-жылдын 10-ноябрындагы өкүмү жана Жогорку Соттун 2011-жылдын 20-декабрындагы токтому жокко чыгарылган. Ошондой эле жазык ишти апелляциялык тартипте кароо үчүн Чүй облустук сотуна жиберүү чечими кабыл алынган.