Бүгүн, 10-январда Чүй облустук соту Азимжан Аскаровдун ишин карады. Анда айыпталуучу акыркы сөзүн айтып, соттон аны актоону өтүндү. Ал эми жактоочулар Аскаровдун күнөөсүз экенин айтышып, эркиндикке чыгарууну суранышты. Ошол эле учурда мамлекеттик айыптоочулар Азимжан Аскаровдун күнөөсү толук далилденгенин баса белгилешти.
Соттук коллегия өкүм чыгаруу үчүн 17-январга чейин кеңешмеге кетти.
Эскерте кетсек, Азимжан Аскаровду 2011-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту күнөөлүү деп таап, өмүр бою эркинен ажыраткан. Бул чечимге макул болбогон Азимжан Аскаров БУУнун Адам укуктары боюнча комитетине кайрылган. Ал комитеттин 2016-жылдын 20-апрелинде чыгарган чечимине ылайык, Аскаровду абактан бошотуп, соттун өкүмүн жокко чыгаруу каралган. Мындан улам жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу иш Жогорку Сотто кайрадан каралып, Жалал-Абад облустук сотунун 2010-жылдын 10-ноябрындагы өкүмү жана Жогорку Соттун 2011-жылдын 20-декабрындагы токтому жокко чыгарылган. Ошондой эле жазык ишти апелляциялык тартипте кароо үчүн Чүй облустук сотуна жиберүү чечими кабыл алынган.