Италияда кар көчкү алдында калып каза болгондордун саны 18ге жетти. Бул тууралуу бүгүн, 25-январда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, каза тапкандардан тышкары дагы 11 адам дайынсыз болууда. Ал эми 11 адам кар алдынан куткарылган. Учурда издөө иштери жүрүп жатат.
Эске салсак, 18-январь күнү Гран-Сассо тоолорунда жер титирөө катталып, анын кесепетинен кар көчкү жүргөн. Тоого жакын жайгашкан мейманкана кар көчкүнүн алдында калган. Ошол учурда мейманкананын ичинде 30дан ашык адам болгон.