Италияда кар көчкүнүн алдында калган адамдарды куткаруу иштери жүрүүдө

Италияда кар көчкүнүн алдында калган адамдарды куткаруу иштери жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 20-январда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, 18-январь күнү Гран-Сассо тоолорунда жер титирөө катталып, анын кесепетинен кар көчкү жүргөн. Тоого жакын жайгашкан мейманкана кар көчкү алдында калган. Ошол учурда мейманкананын ичинде 30га жакын адам болгон. Куткаруучулар 3 адамды тирүү алып чыгышкан. Ошондой эле бир канча адамдын жансыз денеси табылган. Учурда дайынсыз болуп, табылбай жаткандардын саны 20дан ашык. Аман калган Жампьеро Парете автоунаасынан буюмдарын алайын деп баратканда мейманкананы кар көчкү басып калганын айтты. Мейманканада аялы жана эки баласы калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан